Кыргызстанда эми унааны онлайн каттоого болот

 Кыргызстанда эми унааны онлайн каттоого болот

Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын жана аларга болгон менчик укуктарын онлайн (аралыктан) каттоо боюнча убактылуу эрежелерди киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул демилге санариптик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана каттоо системасын иретке келтирүү максатын көздөйт.

Онлайн каттоо тартиби 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин пилоттук режимде иштейт.

Эгерде долбоор ийгиликтүү ишке ашса, Кыргызстанда транспорт каражаттарын жана менчик укуктарын туруктуу негизде онлайн каттоо боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгат.

Связанный пост