Баткенде “Максат” чек ара заставасы ачылды

Заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган.
Кечээ, 28-майда, КРнын Минитсрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Максат” чек ара заставасын ачылыш аземине катышып, имараттын жана бөлүктөрдүн абалы менен таанышып чыкты.
Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фелдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.
Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар.
Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашты.

Связанный пост