Президент Садыр Жапаров өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады

 Президент Садыр Жапаров өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар!

Куралдуу күчтөрдүн кадырлуу ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бизди, жалпы мекендештерибизди бириктирип турган бир максат – күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруу. Мына ушул асыл мүдөөгө жетүүдө эң алды менен Кыргыз армиясынын орду өзгөчө экени талашсыз.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет жана эл аралык алакалардын субъектиси катары коргонуу саясатын тынчтык принциптерине негиздеп, бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу мамилелерди куруп келет.

Ошентсе да азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарын эгерим эсибизден чыгарбашыбыз зарыл.

Ага жараша жоокерлердин журт алдында берген антын толук аткарыш үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүү мамлекеттин милдети болуп саналат. Өлкө жетекчилиги бул жаатта: аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жашоо-турмушу, социалдык-укуктук жактан корголушун камсыз болушу үчүн бардыгын жасап жатат.

Бүгүнкү күндө аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрө алдык деп ишенимдүү айта алам. Ага элибиздин армияга болгон сый-урматы барган сайын артып баратканы далил.

Ошол эле маалда аскер кызматынын бедели бир гана мамлекеттин аракетинен көз каранды эмес экендигин баса белгилегим келет. “Чептен эрдин күчү бек” деген накыл кеп сыңары, ар бир жоокерибиз демдүү-күчтүү, намыстуу, аскер ишинде күжүрмөн даярдыгы бекем, Ата Мекенибиздин бүтүндүгүн, улуттук кызыкчылыкты коргоого жогорку даярдыкта болушу керек.

Бүтүндөй өлкө, жумурай журт сиздерден үмүт кылат, сиздерге таянат.

Сиздер кийинки муундар үчүн аскер ишинде, чыныгы жоокердин образын берүүдө Мекенди сүйүүнүн, билими менен аскердик даярдыгы төп келишкен кесипкөйлүктүн үлгүсү болосуздар деп бекем ишенем.

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары, кымбаттуу ардагерлер!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Кайсы мезгил, кандай гана оор учурлар болбосун, Мекенге берилүү менен өтөп келе жаткан кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Сиздерге кажыбас кайрат, темирдей бекем эрк, чың ден соолук каалайм. Үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш тилейм.

Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн!”.

Связанный пост