Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады

 Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган!

 

Сизди Президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

 

Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

 

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү.

 

Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем.

Связанный пост