Баткенде бүгүн 9 обьект ачылды

 Баткенде бүгүн 9 обьект ачылды

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “Булак-Башы” орто мектебинин ачылуу аземине катышып, айыл тургундарын жаңы жыл алдындагы кош майрам менен куттуктады.

Облус башчысы бүгүн облустун аймагында 7 обьект онлайн, 2 обьект офлайн режиминде ачылып жатканын белгилеп,имараттар элибиздин жыргалчылыгы,бакубатчылыгы үчүн кызмат кылсын деген каалоосун билдирди.

Абдикарим Алимбаев Лейлек районунан туруп,облустагы жети объектин онлайн ачты.

Ыйгарым укуктуу өкүл өзү 225 орундуу Булак-Башы орто мектебинин лентасын кесип, мектептин шарттарын көрүп чыкты.Мектепте заман талабына ылайык окуу эмеректери менен толук жабдылып,келечек муундун татыктуу билим алуусу үчүн жетиштүү шарт түзүлгөн.Билим уясынын курулушуна мамлекеттик казынадан 98млн сом жумшалган.

Ал эми жер-жерлердеги объекттердин ачылуу пземине жергиликтүү жетекчилер,жергиликтүү тургундар катышты.

Алар;

-Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы 225 орундуу “Лейлек” орто мектеби.Курулушка республикалык бюджеттен 74млн сом каржыланган.

-Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы 225 орундуу “Алга”орто мектебине республикалык бюджеттен 116млн сом жумшалган.

-Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун алкагында курулду.Республикалык бюджеттен 5млн,жергиликтүү бюджеттен 2млн 400миң сом жумшалган ишканада 10жумуш оруну түзүлгөн.Учурда ишкана аймакты курулуш материалдары менен камсыздоодо.

-Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы тигүү цехине облусту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында каралган 500млн сомдун эсебинен 3млн сом,жергиликтүү бюджеттен 2млн 700миң сом бөлүнгөн.

-Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы кийим жана килем тигүү цехи да облусту өнүктүрүүгө каралган 500млн сомдон 4млн сом ажыратылып,жергиликтүү бюджеттен 1млн 300миң сом кошумчалаган.

-Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы 275 орундуу Т.Мадарипов атындагы орто мектептин курулушуна мамлекеттик казынадан 93млн сом сарпталды.

-Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы оорукана республикалык бюджеттен 65млн сомго курулуп,калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн бардык шарттары түзүлгөн.Ооруканага балдар бөлүмү,балдар реанимациясы жана үй бүлөлүк дарыгерлер топтору жайгаштырылууда.Бүгүн ачылган оорукана январь айынын экинчи жумалыгынан баштап бейтаптарды кабыл ала баштайт.

-Баткен шаарындагы мал базары офлайн түрүндө ачылып,бүгүн ишин баштады.Жергиликтүү бюджеттен 22млн сом жумшалып,1.5гектар жер ажыратылган.Заманбап мал базарда бардык шарттар түзүлгөн.

Мындан сырткары облусту өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен ажыратылган 500млндун алкагында Баткен районунун Бужум айылында 8млн сомго 2 тике суу кудугу,

Достук айылында 4млн сомго 1 тике суу кудугу,

Ак-Сай айыл аймагында 8млн сомго 2 тике суу кудугу,Ак-Татыр айыл аймагында 12млн сомго 3тике суу кудугу курулуп пайдаланууга берилди.

Ак-Татыр айылында кондитердик цех 3млн сомго оңдоп түзөөдөн өттү.

Связанный пост