Баткенде 405 адам селдин кесепеттерин жоюуга тартылды

 Баткенде 405 адам селдин кесепеттерин жоюуга тартылды

Баткенде 405 адам сел кесепеттерин жоюуга тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Малаым болгондой, бүгүн саат 13:50гө карата Баткен районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга күч жана каражаттар тартылып, калыбына келтирүү, сел калдыктарын тазалоо иштери аткарылып жатат.

ӨКМден жалпы 131 куткаруучу, ИИМден 47 миллиционер, “Тез жардам” кызматынан 35 медкызматкер, 4 бригада иштөөдө. Жергиликтүү тургундардан 150 адам кол кабыш кылышууда.

Ошондой эле Суу чарба, инженердик жана жаныбарларды коргоо кызматтарынын кызматкерлери, электриктер да жеринде иш алып барууда. Мындан сырткары 20дан ашык атайын техника сел кесепеттерин жоюунун үстүндө иштеп жаткандыгы айтылды.

Связанный пост