Баткен шаарында жаңы көпүрө курулду: Баткен өнүктүрүү фонду 7,5млн сом бөлгөн
Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндөгү сел арага курулуп баштаган жаңы көпүрөөнүн курулушу аяктады. Учурда курулуштун актап сырдоо иштери жасалууда.
10 млн сомдон ашуун каражатка курулган көпүрөөнүн 7млн 500 миң сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каржыланган,
Ал эми 2 млн 800миң сому жергиликтүү бюджеттен ажыратылган.
Белгилей кетсек, буга чейинки көпүрөө көп келген сел сууларынан улам жараксыз абалга келип, кооптуулук жараткан.
Акыркы келген сел суулары сайга жакын жашаган тургундардын короолоруна кирип зыянга учураткан болчу.