Баткен облусунда жалпы ишембиликке 23миңге жакын адам катышты

 Баткен облусунда жалпы ишембиликке 23миңге жакын адам катышты

Баткен облусунда жалпы ишембиликке 23миңге жакын адам катышты. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

 

Улуттук тазалык күнүнө карата уюштурулган ишембиликке облус аймагындагы мекеме ишканалардын кызматкерлери,катардагы жарандар чыгып, көчө бойлору, эс алуу жана коомдук жайлар таштандылардан тазаланды.

 

Ишембиликке 23миңге жакын адам катышып, 900гектар аянттан 600тоннага жакын таштанды чыгарылды.

 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү жөнүндө Жарлыгы чыккан.

Связанный пост