Баткен облусу 9 айда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

 Баткен облусу 9 айда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды
Баткен областынын 2023-жылдын 9 айын ичинде социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жана социалдык экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышы жыйынтыкталды.
Коллегиянын күн тартибинде;
-Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
-Коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу
Бузуулардын бирдиктүү реестри боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар
-”Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарынын аткарылышы
-Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү маселелери каралды.
Маалыматка ылайык, бардык тармактарда өсүү темпи байкалган. Областтын аймагындагы негизги өнөр жай ишканаларынын ичинен 56 ишкана 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүүнү камсыз кылуу менен областыбыздын өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өз салымдарын кошушту.
Коллегиянын жыйынтыгы менен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, 2023-жылдын аягына негизги милдеттер катары, төмөнкүдөй тапшырмаларды койду.
1.КР Президенти тарабынан кабыл алынган Жарлыктарга ылайык тийиштүү иш чараларды кабыл алуу менен аларды иш жүзүнө ашырууну колго алуу;
2.Облус аймагында Капиталдык салым беренесинен курулуп жаткан обьекттердин курулуштарына көмөктөшүү;
3.Токтоп калган жана өсүү темпин камсыз кыла албаган ири ишканалар боюнча иш алып баруу;
4.Ар бир район, шаарларда, айыл өкмөттөрдө Эл аралык уюмдар, инвестор, донорлор менен тыгыз иш алып баруу жана инвестиция тартууну колго алуу;
5.Күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин такай көзөмөлдөө;
6.Күздүк эгиндерди эгүү жерлеринин көлөмүн кеңейтүү, дыйкандарды сапаттуу үрөндөр жана айыл-чарба техникалары менен камсыз кылуу;
7.Интенсивдүү багбанчылык жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү;
8.Иштетилбей калган жерлерди ижарага берүүнү камсыздоо;
9.Жергиликтүү ишкерлерди жана дыйкан-фермерлерди жылдык үстөгү 6% кредиттер менен камсыз кылууну көбөйтүү;
10.Жергиликтүү аймактарда жаны ишканаларды ачуу менен жумушчу орундардын жана салыктардын көлөмдөрүн көбөйтүү;
11.Ар бир айылдагы малдардын эсебин тактоо жана идентификациядан өткөрүү;
12.Таза суу менен камсыз болбогон айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу;
13.Салык топтоо боюнча коюлган план тапшырмаларды аткарууга алып, толбогон түрлөрүн планга жеткирүү багытында иштерди күчөтүү;
14.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн өз убагында эффективдүү пландоо менен анын аткарылышын көзөмөлгө алуу;
15.Аймактык инвестициялык программаларды иштеп чыгуу менен аларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
16.Ирригациялык обьекттердин курулуштарын көзөмөлдөө.

Связанный пост