Баткен облусу үч жылда 200дөн ашуун техника менен камсыз болду

 Баткен облусу үч жылда 200дөн ашуун техника менен камсыз болду

Баткен облусу акыркы үч жылда 205 техника менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Алар,

 

— Ички иштер тармагына 32 кызматтык унаа берилди. Алар аймактык тескөөчүлөр үчүн, мед кызматы үчүн, көчмө кабылдама үчүн кызматтык унаалар.

 

— Өзгөчө кырдаалдар тармагына 26 техника берилген. Алар жүк ташуучу, өрт өчүрүүчү, авариялык-куткаруу унаалары, автобустар.

 

— Жол тейлөө тармагына 21 техника берилген. Алар жол ондоо жана жол куруу үчүн техникалар, таш майдалоочу жабдык, музга каршы туз чачуучу, кардан тазалоочу механизм берилген.

 

— Энергетика тармагы 11 техника менен камсыз болгон. Алар жүк жүктөөчү-экскаватор, камаз, жүк ташуучу унаа, жүк көтөрүүчү кран, бригадалык унаа.

 

— Саламаттыкты сактоо тармагына 36. Алар тез жардам унаалары, санитардык автоунаалар, вакцина ташуучу муздаткычтуу унаалар.

 

— Баткен бажысына 4 кызматтык унаа.

 

— Маданият тармагына бир кичи автобус

 

— Массалык маалымат каражаттар тармагына бир кызматтык унаа

 

— Баткен аэропортуна бир кар тазалоочу трактор.

 

— Райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар жана айыл өкмөттөрүнө 72. Алар коомдук транспорттор, айыл чарба техникалары жана кызматтык унаалар.

Связанный пост