Башаламан соода-сатык менен күрөшүү: 20 соода түйүнү жоюлду
![Башаламан соода-сатык менен күрөшүү: 20 соода түйүнү жоюлду](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/whatsapp-image-2022-08-17-at-12.10.05-1-850x560.jpeg)
Октябрь администрациясы шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жума сайын райондун аймагында мыйзамсыз көчө соодасын токтотуу боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.
Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы “Ынтымак-2” паркында мыйзамсыз башаламан соода-сатыкка каршы текшерүү жүргүзүштү.
Рейддин жыйынтыгы боюнча 20 башаламан соода-сатык түйүнү, 10 штендер алынды. Көчө соодасын жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.