Башаламан соода-сатык менен күрөшүү: 20 соода түйүнү жоюлду

 Башаламан соода-сатык менен күрөшүү: 20 соода түйүнү жоюлду

Октябрь администрациясы шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жума сайын райондун аймагында мыйзамсыз көчө соодасын токтотуу боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы “Ынтымак-2” паркында мыйзамсыз башаламан соода-сатыкка каршы текшерүү  жүргүзүштү.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 20 башаламан соода-сатык түйүнү, 10 штендер алынды. Көчө соодасын жүргүзгөн бардык сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост