Балыкчы шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда
Балыкчы шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев, министрликтин тиешелүү жетектөөчү адистери, облус башчысы Улан Далиев, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу менен биргеликте канализациялык-тазалоочу курулмалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Белгиленгендей, аталган объектте курулуш-монтаждоо иштери 2022-жылдын сентябрында башталып, керектүү тетиктер жана жабдуулар толук жеткирилген. Курулуш-монтаждоо иштерин 2024-жылдын август айында аяктоо пландаштырылууда. Объект кабыл алынгандан кийин саркынды сууларды тазалоо боюнча функционалдык кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн ишке киргизүү жумуштары башталат.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча министр Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тийиштүү жетекчилерге курулуш-монтаждоо иштерин өз убагында бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.