Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна жер көчкү түштү

 Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна жер көчкү түштү

10-майда саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

 

“Буга байланыштуу жол каттам жабылган. Тазалоо иштери бүгүн, 11-май күнү “Чайна-Роуд” ишканасы тарабынан жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

 

Белгиленгендей, жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан пост уюштурулган.

 

Эскерте кетсек, ошол эле тилкеде 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү жолго түшүп, 29-апрель күнү ачылган. Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост