Балдарды биринчи класска каттоо иштери уланып жатат

 Балдарды биринчи класска каттоо иштери уланып жатат

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүү жана билим берүү түзүмүндөгү көйгөйлөрдү жоюу максатында өлкөдө 12 жылдык мектептик билим берүү күчүнө кирүү алдында турат. Бул трансформациялоо иштерин утурлай 1-2-класстар электрондук каттоого тургузулууда.

Министрликтин маалыматы боюнча, 80 миңдей бала мектепке мурдагыдан ашыкча келип, 3 миңден ашуун класс, ошондой эле 3 миңден ашуун мугалим талап кылынат.

Мунун алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип, каттоону дагы да жеңилдетүү, жөнөкөйлөтүү максатында Tunduk тиркемесине баланы мектепке каттоо системасын киргизишти. Буга чейин иштеп келе жаткан 1mektep.edu.gov.kg сайтынын каттоосу да күчүндө.

Белгилүү болгондой, буга чейин балдарды мектепке каттоо иши эки этап менен жүргүзүлөрү айтылган. Учурда биринчи этаптын алкагында ата-энелер балдарын кезекке тургузууда. Анын мөөнөтү 2-июнга чейин деп белгиленген. Ал эми экинчи этап 2-июндан 15-августка чейин уланат.

Билим берүү жана илим министрлигинин сайтындагы автоматтык түрдө эсептөөчү статистика төмөндөгүдөй маалыматтарды көргөзүүдө:

  • Мектепке бара турган балдардын жалпы саны – 285 миңден жогору;
  • Анын ичинен жеңилдетүү каралган окуучулардын саны – 30 424;
  • Кабыл алынгандар – 83 008 (жеңилдик менен – 1102);
  • Бош орундар – 202 636 (жеңилдик менен – 29322);
  • Күтүп жаткандар – 389.

Бул көрсөткүч катталуу аракетине жараша улам жаңыланып турат.

Министрликтин билдирүүсү боюнча, балдарды каттоодо жашына жараша кире турган классы, ар башка даректерде катталган ата-энелердин балдары, мектеп тандоо, өтүнмө берүү, этаптар, баланын күбөлүгү, жарандыгы тууралуу суроолор эң көп берилүүдө.

Белгилей кетсек, биринчи этаптагы каттоо – ата-энелердин катталган дареги боюнча дайындалган мектептерде жүргүзүлөт. Атап айтканда, система мектепти өзү сунуштайт. Эгерде сунушталган мектептер ылайыктуу эмес болсо, себебин көрсөтүү менен андан баш тартса болот. Бул учурда, өтүнмө экинчи этапка өтөт. Ал эми экинчи этапта болсо бош орундар бар мектептерди тандоо мүмкүнчүлүгү каралган. Аймакты, районду же шаарды көрсөтүп, тизмедегилердин ичинен мектепти тандап алууга болот.

Связанный пост