Бакыт Төрөбаев Жалал-Абадда курула турган ирригациялык объекттер менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында аймактагы ирригациялык долбоорлордун жүрүшү менен жеринде таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, көчмө жыйындын жүрүшүндө облустун аймагында курула турган ирригациялык объекттердин абалын көрдү.

Атап айтканда, Сузак, Ноокен районундагы ирригациялык системаларынын жана Чоң-Ноокен каналынын учурдагы абалы менен жеринен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев президент тарабынан ирригация тармагын өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар тапшырмалар берилгенин белгилеп, 2025-жылы бул тармакка мамлекеттик бюджеттен 5 млрд сом бөлүнүп, анын негизинде 10 ири инвестициялык долбоор ишке ашырыларын маалымдады.

Ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эгин айдоо түзүмүн кайра карап чыгуу, сууну үнөмдөөчү технологияларды кеңири киргизүү зарылдыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында аталган ирригациялык тутумдарды курууга байланыштуу сметалык-долбоордук документтерди кыска мөөнөттө бүтүрүү, зарыл ресурстарды тактоо жана иштерди өз учурунда баштоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Связанный пост