Ноокат шаарынын негизги көчөлөрүндөгү имараттарды сырткы көрүнүштөрүнүн эскиздик долбоорлоу даярдалууда

 Ноокат шаарынын негизги көчөлөрүндөгү имараттарды сырткы көрүнүштөрүнүн эскиздик долбоорлоу даярдалууда

Ноокат шаарынын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, шаар элинин жана конокторунун жашоо тиричилиги үчүн жакшы шарттарды түзүү максатында КР Мамкурулуш агенттигинин Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы бир катар эскиздик жана жумушчу долбоорлорду сунуштап келет.

 

Ноокат шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн араларына балдар ойноочу аянтчаларды, Н.Исанов атындагы эс алуу багын капиталдык оңдоп түзөө аркылуу заманбап эс алуу багын жаратуу багытында эскиздик долбоорлор даярдалып шаар мэриясынын кароосуна сунушталды.

Мындан сырткары ноокат районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы 2024-жылы “имараттардын сырткы көрүнүштөрү жана жарнамаларды жайгаштыруу” бөлүмүн ачып, Ноокат шаарынын негизги көчөлөрүндөгү имараттарды сырткы көрүнүштөрүнүн эскиздик долбоорлоу даярдалууда.

Связанный пост