Бүгүн мечиттерде Россиядагы кырсыкта каза болгондорго багышталып куран окулат
Бүгүн, 23-августта Кыргызстандагы мечиттерде Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгында каза болгон 14 мекендешибизге багышталып куран окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, муфтий Замир кары Ракиев 13:30да Бишкектеги эски борбордук мечитте дин кызматкерлери тарабынан окулган хатм куранды маркумдарга багыштап дуба кылмакчы.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-августта Кыргызстан аза күтүүдө. Улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:40та каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келинет.