Бүгүн Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо башталды
Бүгүн Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо башталды.
Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
- I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин,
- II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.
1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:
– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.
Электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call–центр) кайрылуу керек. Чалуу акысыз.
Чалуу борбору 2024-жылдын 8-апрелинен баштап, 30-августка чейин иш күндөрү саат саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт. Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00