Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө ысык суу өчүрүлөт
Бишкекте Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги капиталдык курулуш иштерине байланыштуу 17-июлда саат 08:30дан 19:30га чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, ысык суу төмөнкү даректердеги абоненттерде өчүрүлөт:
- Тоголок Молдо көчөсү: №21, 21а (Финансылык чалгындоо кызматы), 23, 23а, 23б, 25;
- Логвиненко көчөсү: №28/1, 30 (№3 төрөт үйү), 30/1 (№1 ҮДБ), 32, 53, 55, 57, 59;
- Фрунзе көчөсү: №475, 495, 497, 499;
- Панфилов көчөсү: №188/1, 188/2, 190, 190/1, 200, 200а, 202, 239, 241;
- Жибек Жолу проспектиси: №328, 346;
- Орозбеков көчөсү: №112, 114, 116, 122.
“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.