Бүгүн өлкө аймагында 6 мектеп жана 4 бала бакча пайдаланууга берилди

Өлкө аймагында 6 мектеп жана 4 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн мамлекет башчысы Садыр Жапаров республика боюнча 15 социалдык обьектти онлайн форматта ачты. Алардын алтоосу – мектеп, төртөөсү – бала бакча.

Ачылган мектептер:

1. Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Таян айылындагы 150 орундуу Таян мектеби
2. Баткен облусунун Баткен шаарындагы 500 орундуу С. Айтматов атындагы мектеп
3. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы 275 орундуу Дыйкан мектеби
4. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көк-Талаа айылындагы 275 орундуу № 41 К. Саттаров атындагы мектеп
5. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас айылындагы Ат-Башы мектебине 500 орундуу кошумча корпус
6. Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Новопавловка айылындагы Ч. Айтматов атындагы лицейге 500 орундуу кошумча корпус.

Бала бакчалар:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылындагы 100 орундуу “Айданек” бала бакчасы
2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылындагы 100 орундуу Иса кызы Ишенбүбү атындагы бала бакча
3. Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы 90 орундуу “Ромашка” бала бакчасы
4. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылындагы 100 орундуу бала бакча.

Связанный пост