Бүгүн Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындар айтышы өтөт

 Бүгүн Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындар айтышы өтөт
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду менен биргеликте КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш – 2022» Республикалык төкмө акындар айтышын өткөрөт.
Айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү 9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 18:00дө башталат.
Байге фонду 1 000 000 (бир миллион) сом.

Связанный пост