Спорт

Таэквондо ITF боюнча Кыргызстандын курамасы Дүйнө биринчилигинде 6 медаль жеңди

Таэквондо ITF боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатынан 6 медаль менен кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, мелдеш Нидерланддардын Амстердам шаарында 29-31-июль күндөрү болуп өттү. Белгиленгендей, кыргыз спортчулары 2 алтын, 4 күмүш медалга татыды. 12-13 жаштагылар арасында, 45 кг салмак даражада Диана Ким […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта эмдөөдөн өтө алат. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт. Маалыматка ылайык, төмөнкү факторлорду эске алуу менен эмдөөдөн өтүүгө болот: дене салмагынын индекси жогору болгон 35 жаштан ашкан аялдар, коштолгон оорулар – кант диабети, гипертония ж.б. “Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда […]Читать далее

Саясат

Талант Султанов Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.Читать далее

Саясат

Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Арстанбаев Мирлан Есенович Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее

Коом

Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачылды

Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жол 1-августтан 2-августка караган түнү саат 01:48де толугу менен ачылган. Эскерте кетсек, кечээ, 1-августта саат 14:00гө жакын Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунунун 147-154-чакырымдарында (Боом капчыгайы) катуу жаандан улам сел жүрүп, жолду жаап калган.Читать далее

Саясат

Нуран Ниязалиев аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипөкүлчүлүктөрү үчүн брифинг өткөрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкек шаарында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн брифинг өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө чет элдик дипломаттарга 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти […]Читать далее

Коом

Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты

 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, 1-4-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.Читать далее

Маданият

Караколдо “KGtai – таланттарга старт 2022” фестиваль-сынагы жыйынтыкталды

Каракол шаарында III Эл аралык жаш таланттардын “KGtai – таланттарга старт 2022” фестиваль-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынан 7 жаштан 16 жашка чейинки 200дөн ашык таланттуу балдар катышты. Фестивалдын конкурстук программасына жеке аткаруучулар, топтор, вокал, […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров жана ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев кызматташууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы Султан Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. «Сиздин иш тажрыйбаңыз ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достук мамилени өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошууга […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанга 100 миң дозадан ашуун Moderna вакцинасы алып келинет

Кыргызстанга 2022-жылдын үчүнчү кварталында COVAX программасынын алкагында 100 миң 800 доза Moderna вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтуусуна караганда, ошондой эле Pfizer вакцинасынын 100 миң 600 дозасын алып келүү пландалууда. “Вакциналар июнда эле келиши керек болчу, бирок транспорт-логистикалык көйгөйлөргө байланыштуу жүк кармалган”, […]Читать далее