Президент Садыр Жапаров 12-13-май күндөрү иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, эки күндүк иш сапарынын алкагында мамлекет башчы бир катар аймактык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып, социалдык объектинин ачылышына катышат, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырмакчы.Читать далее
Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Ж.А.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 28-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер […]Читать далее
Евразия өнүктүрүү банкынын акыркы баяндамасына ылайык, Кыргызстандагы банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмү 2025-жылдын январь-март айларында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,6%га өскөн. ЕАӨБтүн аналитиктеринин баамында коммерциялык банктардын кредиттик портфелинин өсүшү негизинен керектөө насыялардын 2,1 эсеге өсүшүнө байланыштуу. Жарандар насыяны батир, унаа, эмерек сыяктуу узак мөөнөттүү товарларды сатып алуу үчүн гана эмес, уюлдук телефон, тиричилик техникасы […]Читать далее
Садыр Жапаров окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Белгиленгендей, президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге катуу сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза колдонулду. Мындай чечимге 11-майда социалдык түйүндөрдө жарыяланган видеотасмага тартылган аскердик тартиптин уставдык ченемдерин жана принциптерин одоно бузуу фактылары негиз болгон. “Өлкө жетекчилиги […]Читать далее
Бишкектеги Панфилов паркынын аймагына жакын жердеги «Полярная звезда» планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган жер тилкени жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схеманы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтому менен айрым жогорку кызматтагы адамдар аркылуу уюштургандыгы такталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 0,42 гектарды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча […]Читать далее
Кыргызстанга импорттолуп жаткан жашылча-жемиштердин ар бир партиясы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан бекитилген тартипке ылайык, көп баскычтуу фитосанитардык көзөмөл жана лабораториялык анализдерден өткөрүлүүдө. Бул чаралар өлкө аймагына карантиндик зыянкечтердин жана уулуу заттардын кирүүсүнүн алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлөт. Импорттук продукциялар төмөнкү тартип боюнча текшерилет: 1. Документтик көзөмөл: Жүктүн коштомо […]Читать далее
Россия чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин кол койгон жарлыкта айтылат. Маалыматта айтылгандай, Россиянын өкмөтү медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелерин бекитти. Жарлыкка ылайык, бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган капыстан катуу ооруп, абалы, өнөкөт оорулары күчөгөн учурда чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө оорулар, кырсыктар, жаракаттар, уулануулар жана […]Читать далее
Минкаб курулуш рыногун турукташтыруу үчүн цементти ташып келүүгө убактылуу тыюуну
Министрлер кабинети курулуш рыногун турукташтыруу үчүн цементти ташып келүүгө убактылуу тыюуну алып салды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 2025-жылдын 31-мартындагы № 169 “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилди. Жаңы шарттарга ылайык, 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылат. Бул токтом расмий жарыяланган […]Читать далее
Кыргызстанда биринчи жана экинчи класска 100 миң 469 бала катталган. Бул тууралуу балдарды мектепке кабыл алуу порталында айтылат. Маалыматка ылайык, жалпы 285 560 орун бар. Бүгүнкү күнгө карата 185 091 бош орун калды. Белгилей кетсек, бул кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетет: ата-энелер баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде түз эле смартфонунан каттай алышат. […]Читать далее
Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча — ӨКМдин 86123 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлерине карата офицер тарабынан күч колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кылмыш ишинин козголушуна 11-майда массалык маалымат каражаттарына жарыяланган зордук-зомбулук фактысы жазылган видеотасма себеп болгон. Тергөө Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасына […]Читать далее