Кырсык

Нарында жер титирөөдөн 99 турак жай жана соцобъектер жабыркаган

12-майда Нарын облусунун аймагында катталган жер титирөөдөн жалпы 99 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалдарынан жарака кеткени аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен Көк-Жар айылында 36 турак үй, Жаңы-Талап айылында 28 турак үй, 1 маданият үйү, Ак-Кыя айылында 21 турак үй, 1 мектеп, Кадыраалы айылында 7 турак үй, 1 мектеп, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификатору бекитилди

Министрлер кабинети Кыргызстандын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификаторун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кабыл алынган документтин максаты – жашыл технологиялардын, долбоорлордун, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү түшүнүгүн жана аныктамасын белгилөө, жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, анын ичинде туруктуу каржылоонун эл аралык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо

Министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жобонун негизги максаты: – Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана […]Читать далее

Маданият

Түрк маданияты жана мурасы фонду Кыргызстандын демилгелерин илгерилетүүгө даяр

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулованын жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө фонд менен өз ара аракеттенүү маселелери, анын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле жакынкы келечектеги иш-чаралар планы талкууланды. Кыргыз тарап демилгелеген жана фонд менен биргеликте ишке ашыруу пландалган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Медер Абакиров ЮНЕСКОнун […]Читать далее

Коом

Быйыл Россиянын “кара” тизмесинен 4 миң кыргыз жараны чыгарылды

Жыл башынан бери Россиянын “кара” тизмесинен 4 миң кыргыз жаран чыгарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дагы 36 миң кыргызстандык жаран дактилоскопиядан өтүп, “кара” тизмеге кирбөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бирок, эгерде алар медициналык кароодон өтпөсө же банктык карыздары болсо, “кара” […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты 13% өстү

Бишкекте Кыргызстандын 240 мектебинде “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” (OEP) ыкмасын колдонуу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, изилдөө окутуунун сапаты 13%га жогорулаганын көрсөттү. Изилдөөгө 120 эксперименталдык жана 120 контролдук мектептер катышкан, алар математика жана табигый илимдерге багытталган. Жыйынтыктар өзгөчө негизги компетенцияларды жана баалоо процесстерин калыптандыруу жагынан долбоордун натыйжалуулугун тастыктаганы […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Мамлекет башчысына жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашаары маалымдалды. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 350 жүргүнчүнү түзөт. Садыр Жапаров белгилегендей, азыркы тапта өлкөбүздө авиажүргүнчүлөрдүн агымынын олуттуу […]Читать далее

Экономика

Соода жайларын ижарага бергендерге патенттик система ишке кирет

Базарлардагы соода жайларын ижарага бергендер үчүн жаңы патенттик система ишке кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишмердиктин түрлөрүнүн бекитилген тизмеси иштин жаңы түрү менен толукталды — “Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянт”. Бул ишмердиктин түрү […]Читать далее

Аймак

Аламүдүндө 307 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А.Сыдыков айыл өкмөтүнө караштуу 307 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, мурда аталган жерлердин ээлери Ленин атындагы мамлекеттик айыл чарба заводунун жумушчулары 1994-жылдын 22-февралындагы президенттин жарлыгынын негизинде жер үлүштөрүн жана жерди пайдалануу укугуна күбөлүктөрдү алган. Ошол эле учурда, аталган жердин ээлеринин көпчүлүгү ар […]Читать далее

Спорт

Каракол шаарындагы стадион качан ачылары белгилүү болду

23-май күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында толугу менен реконструкциядан өткөн стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ачылыш азем КР Премьер-лигасынын 11-турунун алкагындагы “Барс” (Каракол) – “ОшМУ” (Ош) футболдук клубдарынын беттеши менен уланат. Ачылыш азем саат – 18:00дө башталып, оюндун старттык ышкырыгы саат 20:00дө жаңырат. Азем белгилүү ата мекендик алдыңкы эстрада жылдыздарынын катышуусундагы […]Читать далее