Коом

Бишкекте көчөлөрдүн 11 бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүүдө

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аймагындагы көчөлөрдүн 11 бөлүгүндөгү жолдорду жана тротуарларды активдүү оңдоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында 4 көчө тилкесинде оңдоо иштери жүрүп жатат. Алсак, Республика көчөсүндө Чоң Чүй каналынан Березовая көчөсүнө чейин топуракты иштетүү, ирригациялык системаны орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Исанов көчөсү Щербаков көчөсүнөн Васильев көчөсүнө чейин топурак […]Читать далее

Коом

Энергетика министри Душанбеде CASA-1000 долбоору боюнча жыйынга катышты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Душанбе шаарында Борбор Азиядан Түштүк Азияга CASA-1000 электр энергиясын берүү долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. Ведомстводон маалымдашканда, жыйынга Кыргызстан, Таджикстан, Афганистан жана Пакитан өлкөлөрүнүн энергетика министрлери жана энергокомпаниялардын тийиштүү жетекчилери катышып, CASA-1000 долбоору боюнча банктын эсебин бекитүү, техникалык Кодекс жана башка бир катар маселелер каралды. Отурумдун жүрүшүндө Таалайбек Ибраев CASA-1000 […]Читать далее

Аймак

Баткенде мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурда мыйзамсыз берилген муниципалдык жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатуу фактысын аныктады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2012-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Таал айыл өкмөтүнүн (мурунку Бешкент) айрым кызмат адамдары “Полевой стан” айыл чарба кооперативин жоюунун жана жер тилкесин трансформациялоонун жол-жоболорун […]Читать далее

Укук тартиби

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жасалма дипломдорду пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси М.К.А. тарабынан жасалма диплом колдонулуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Тактап айтканда, М.К.А. 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, […]Читать далее

Билим

Бишкек шаарындагы мектептерде жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт

Бишкек шаарындагы мектептерде жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт: биринчи этап – 18, 19, 20-май; экинчи этап-22, 23, 24-май; үчүнчү (кеч) этап-20, 21, 22-июнь. Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылында 11-классты 10 698 бүтүрүүчү аяктайт. Бүгүнкү күндө ЖРТ өткөрүү үчүн бардык 31 база талаптарга жана эрежелерге ылайык даярдалган. […]Читать далее

Президент

Ак-Сууда “Ала-Тоо резорт” тоо-лыжа курорту курулат

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына Ак-Суу районунун аймагына курула турган тоо-лыжа курортунун аталышы, курулуш иштери тууралуу билдирүү жазды. Анда мындай деп айтылат: “Урматтуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк инвесторлор Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында салына турган тоо-лыжа курортун мындан ары «Ала-Тоо резорт» тоо-лыжа курорту деп атадык. Бул курорттун инфратүзүмүнүн курулуш иштери […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын БА боюнча соода өкүлү менен жолугушту

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын Борбордук Азия боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Тараптар кыргыз-британиялык соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына британиялык […]Читать далее

Президент

“Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду, ага ылайык аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 1. Ички иштер министрлигин Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин кармоочусу (ээси) катары аныктоо зарыл деп эсептелсин. 2. Башкы прокуратура белгиленген […]Читать далее

Кадр саясаты

Руслан Мукамбетов коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 8-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык Мукамбетов Руслан Мустафаевич коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Коргоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.Читать далее

Кадр саясаты

Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 8-пункттарына, 71-беренесине ылайык Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.Читать далее