Кыргызстанда баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, баланын эрте өнүгүүсүн баалоо каражаты – ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө инструменти. Ал баланын бакчага келген учурунан тартып, андан кеткенге чейинки иш-аракеттерине күн сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт. Педагогдор бала бакчадагы тайпалардын ичинде жана […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы жүргүзүлгөн контролдук-рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча таризделген электрондук актыларды салык төлөөчүлөргө жөнөтө баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Жаңы сервис салык органынын инспекторуна “электрондук рейддик салык контролу” (Э-Рейд) системасынын жардамы менен автоматтык түрдө рейддик салык контролунун, контролдук сатып алуунун же салык постунун жыйынтыгы боюнча акт түзүүгө жана аны Cabinet.salyk.kg. сайтындагы “жеке салык […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол-Эңилчек унаа жолунун [&Читать далее
Өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, бирдиктүү экономикалык жана саясий мейкиндикти түзгөн Бишкек-Ош автожолу Борбордук Азиянын беш мамлекетинин чегинде да, Түштүк Азия субконтинентинин он мамлекетин бириктирген Экономикалык Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин алкагында да эл аралык транспорттук интеграция процессине активдүү катышууда. Бишкек-Ош унаа жолун реабилитациялоо Кыргыз Республикасындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүү жаатындагы биринчи долбоор болуп эсептелет. Жалпысынан бүгүнкү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу агайын-туугандар! Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Улуттун улут катары сакталып, андан ары өнүгүүсү ошол улуттун тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта. Ак кар-көк муз […]Читать далее
Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Маалыматка ылайык, күн мурун, 4-мартта саат 13:54тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 138 чакырым […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу сот тутумунун кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Сот тутуму бийликтин бир бутагы катары чыныгы жарандык коомду курууда жана улуттук экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү орун ээлейт. Ошондой эле этностор аралык […]Читать далее
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына “Улуттук идеология жана жаштар” деген темада лекция өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет. Онлайн форматында өткөн лекцияда Мамлекеттик катчы угуучуларга кыргыз элинин тарыхый мурасы, салт-санаасы, үрп-адаттары, ошондой эле философиясы жана идеологиясы тууралуу кеңири маалымат […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 4-мартта, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу жана учурдагы маселелеринин кеңири чөйрөсүн кылдат талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана даярдоо боюнча пикир алмашуу болду. Аягында маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да алдыга жылдыруу, […]Читать далее