Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

 Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 4-мартта саат 13:54тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 138 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер силкинүүсү Бедел айылында 3,5 балл, Кумтөр кенинин аймагында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост