Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту

 Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 4-мартта, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.

Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу жана учурдагы маселелеринин кеңири чөйрөсүн кылдат талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана даярдоо боюнча пикир алмашуу болду.

Аягында маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да алдыга жылдыруу, тактап айтканда, биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде эки мамлекеттин борбор калааларында эстеликтерди орнотуу боюнча эки жактын тең ниеттери айтылды.

Связанный пост