Кыргызстандын соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Анкаранын кургатылган кофе жана кургатылган жемиштер палатасынын төрагасы Айтач Севимли жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту. Күн тартибинде Кыргызстандан Түркия рыногуна органикалык жаңгактарды жеткирүү маселелери талкууланып, тараптар логистика, сапат стандарттары жана продукцияны ишке ашыруу шарттары боюнча пикир алмашышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз продукцияларын алдыга жылдыруу максатында коммерциялык сунушту презентациялоону даярдоо […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакаланын миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту. Анда тараптар акыркы жылдары Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүшү, саясий туруктуулугу, энергетика, транспорт жана тоо кен тармактарында кенен сүйлөшүү жүргүздү. Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүп жатканын, анын натыйжасында […]Читать далее
“Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат, бул Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Өкмөттүн ишинин натыйжасы. 2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк” – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарган Президенттик Администрациянын жыйынында. Кыргыз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Сабиров Равшанбек Азатович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Бүгүн – дүйнө жүзүндө башкаруунун, экономикалык өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн негиздерине доо кетирген эң коркунучтуу жана кыйратуучу көрүнүштөрдүн бирине чечкиндүүлүк менен каршы турууга чакырган Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү! Коррупция — […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын кышкы каникулунун мөөнөтүн жарыялады. Маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылынын окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрда башталып, 2025-жылдын 12-январына чейин созулат. Балдар 13-январда мектепке бара баштайт.Читать далее
2024-жылы Кыргызстандын аймагында 902 гектар аянтка коон айдалды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда коонду эң көп Араван жана Кара-Суу районунун дыйкандары өстүрүшөт. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2024-жылы коон – 35 гектарга, Ноокен районунда – 139,0 гектарда өстүрүлгөн. Ал эми экспорттун көлөмү – 10-15 миң тоннаны түзгөн. Кыргызстандын […]Читать далее
Баткен, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында күзгү буудай менен арпа себүү иштери жүргүзүлүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, күздүк буудайды жалпы 190 миң гектар аянтка себүү пландалган. Учурда 141,7 миң гектарда иштер аяктады. Облустар боюнча бөлүп карай турган болсок: Чүй облусунда – 86,2 миң га; Ысык-Көл облусунда […]Читать далее
“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Балыкчы – Бишкек унаа жолунун жээгине 500 түп ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Токой кызматынан билдиришкендей, аталган маанилүү экологиялык иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын кызматкерлери жана жергиликтүү мекеме-уюмдар болуп, жалпысынан 500 адам катышты. “Акциянын максаты – өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу, токойлорду калыбына келтирүү жана жаратылыш ресурстарын узак мөөнөткө […]Читать далее
Бүгүн, 9-декабрда саат 05:41де Ош облусунда күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Өзгөн районунун Орказган айылынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым, Ак-Терек айылынан түндүк-чыгышка карай 12 чакырым, Жийде айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Салам-Алик айылынан түндүк-батышка карай 19 чакырым аралыкта жайгашып, жер титирөөнүн күчү Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде […]Читать далее