Коом

Аймактарда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, түшүндүрүү иштери Ош облусунан башталып, учурда Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарында уланууда. Белгиленгендей, аталган иш-чарага Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, министрликке караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментин жана Кыргызстан улуттук электр тармагынын кызматкерлери катышууда. Жолугушууда энергетика тармагынын кызматкерлери чогулган элге министрлер кабинетинин жаңы […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери дыйкандарга лизингге 188 техника берилди

Мамлекеттин колдоосу менен ишке ашып жаткан лизинг долбоору аркылуу бүгүнкү күнгө карата республика боюнча дыйкандарга 886,1 млн сомго 188 техника берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай , аталган долбоор ишке кирген күндөн тартып жалпы өлкө боюнча 7073 даана техника берилди. Ал үчүн 18,38 млрд сом […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзгөндөгү инфраструктуралык жайлардын оңдоп-түзөө иштеринен кабар

Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Өзгөн шаарынын борбордук стадионунун оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды. Алсак, тарыхый калаадагы спорттук жайды реконструкциялоо үчүн 122 млн сом бөлүнгөн. Стадиондун жаңы долбоору ФИФАнын тиешелүү талаптарына толук жооп берип, көрүүчүлөр бөлүгү 2600 орунга ылайыкташкан. Муну менен катар стадиондун жанындагы Орто-Коргон паркы да жаңыланууда. Бүгүнкү күндө пландалган […]Читать далее

Коом

Бишкек – Худжанд багыты боюнча аба каттамы ачылат

“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкек-Худжанд багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди. Анын айтымында, “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Худжанд багыты боюнча жаңы каттамдын ачылышын жарыялады. Бул каттамдын алкагында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер, “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын жетекчилиги катышкан техникалык каттам аткарылды, анда жаңы […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине “Инфодокс”

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик башчыларына “Инфодокс” электрондук тутумунда документтер менен иштөөнү тездетүүнү тапшырды. Анын айтымында, талдоо көрсөткөндөй, мамлекеттик органдардын жетекчилери келип түшкөн документтер жана токтомдорго кол коюу менен жетиштүү деңгээлде натыйжалуу иштебей жатышат. «Электрондук документ жүгүртүү системасы менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн эске […]Читать далее

Билим

«Акылман» президенттик лицейи 2025-2026-окуу жылына кабыл алууга сынак жарыялады

“Акылман” президенттик лицейи 2025-2026-окуу жылына карата жаңы окуучуларды кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жарыялады. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, сынакка Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин 6-классында окуп жаткан окуучулары катыша алышат. Конкурстук тандоо 3-этаптан турат, 1-2-тур – бул test.akylman.edu.kg сайты аркылуу онлайн тестирлөө, ал эми 3-тур – ар бир облуста жеринен өткөрүлө турчу оффлайн тестирлөө. 1-2-этаптын онлайн […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Кырман айылындагы жаңы

Бүгүн, 17-мартта Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун Өзгөн районундагы иш сапары Кызыл-Кырман айылында уланды. Алгач Төрага аталган айылда жайгашкан №43 И.Базаркулов атындагы орто мектептин пайдубалына капсула салды. Келечекте Кеңеш жана Кызыл-Кырман айылдарынын окуучулары билим ала турган жаңы мектептин долбоору 275 орунга ылайыкташкан. Бул үчүн мамлекет тарабынан 233 млн сомдон ашуун каражат каралып, бир жарым жыл ичинде […]Читать далее

Министрлер кабинети

Өлкөдө бир катар тармактарды бюрократиядан арылтуу боюнча реформалар башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев курулуш иштерине уруксат алуу жана медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо процессин бюрократиядан арылтуу боюнча 100 күндүк реформаларды баштоону жарыялады. Аппараттык жыйындын жүрүшүндө, минкаб башчысы белгилегендей, Кыргызстанда курулуш тармагы тез өнүгүүнү көрсөтүп, экономиканын локомотивинин ролун ойноп жатат, бирок азыркы учурда административдик тоскоолдуктар […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Европа Бирлигинин комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, “Ынтымак ордосунда” Европа Бирлигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту. Стратегиялык кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Йозеф Сикеланы Еврокомиссар болуп дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтүү кызматташууга үмүттөнөрүн билдирди. Садыр Жапаров Европа Бирлиги (ЕБ) Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден бери ишенимдүү өнөктөш болуп келгенин белгиледи. Ал Кыргызстан […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда уй менен койдун эти кымбаттады

Кыргызстан Россия жана Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баалар боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Мониторинг – нан азыктары, картошка, жашылча, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кант, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалар боюнча жүргүзүлгөн. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда сары май 0,2%, уй эти 1,2%, кой эти […]Читать далее