15-январдан тарта борбордук Ала-Тоо аянтында мыйзамдын жана санитардык талаптардын негизинде иштеген жаңы жылдык жарманке жана тамак-аш зонасы расмий түрдө ишин токтотту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, муниципалдык инспекция кызматкерлери башаламан соодага тыюу салууну катуу көзөмөлдөөдө, бирок ага карабай жашыруун иштегендер тууралуу маалыматтар келүүдө. Эмне үчүн башаламан соода кылбаш керек? 1. Тамак-аштын сапаты көзөмөлдөнбөйт. Товарлар […]Читать далее
Баткенде шахтада калган жаран куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 16-январда Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кен казуучу уранды астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө жалпы 13 куткаруучу тартылды. Куткаруучулардын ыкчам аракети менен кен казуучу аман-эсен куткарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди. Абалы туруктуу.Читать далее
Бүгүнкү күндө Бишкекте мамлекеттик ипоткалык программанын алкагында 17 миң 400 батир курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга карата курулуп жаткан батирлердин санын 25-30 миңге жеткирүүнү көздөп жатат. “Президент Садыр Жапаров өлкөдө турак жайларга карата баа кескин өскөндүктөн жарандарды жеткиликтүү […]Читать далее
Президентинин Администрациясында аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо жана алардын коомдогу ролу маселелери
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында аялдардын диний уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Талкуунун негизги темасы аялдарга карата зомбулук, алардын укуктары жана коомдогу ролу маселелери болду. Жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, эрте никеге туруу жана аялдар менен кыздар туш болгон башка социалдык көйгөйлөр боюнча баяндамалар жана аналитикалык маалыматтар каралды. Диний уюмдарда […]Читать далее
Кыргызстан менен Япония кесиптик даярдыктан өткөрүү жаатында кызматташат. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда, Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын IM JAPAN компаниясынын жетекчилери менен жолугушуусунда белгилүү болду. Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарада кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы тажрыйба алмашуу маселелерин кеңири карап […]Читать далее
Нотариалдык иш-аракеттер эми онлайн аткарыла баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Юстиция министрлигинин Нотариат жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы Элия Ибраимова билдирди. Анын айтымында, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар электрондук кол тамга аркылуу нотариустун онлайн кызматын ала алышат. “Нотариалдык тутумду реформалоонун алкагында “Электрондук нотариат 2.0” бирдиктүү маалыматтык системасы 2024-жылдын 1-февралынан тарта иштеп жатат. Анын алкагында иш […]Читать далее
2025-жылдын башынан тартып 14-январына карата АКШ долларынын расмий курсу 0,52%га, же болбосо 1 АКШ доллары 86,9963 сомдон 87,4500 сомго чейин өстү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылы АКШ долларынын курсу 2,34 %га, же болбосо 89,0853 сомдон 87,9963 сомго чейин төмөндөгөн. “2025-жылдын башынан тартып 14-январына карата алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында […]Читать далее
Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушууда билдирди. «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамыны нормаларына ылайык, 2025-2026-жылдары УКМК коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин төмөндөтүүнү пландаштырууда. Бүгүнкү күндө көрсөткүч […]Читать далее
Коррупция менен күрөшүүнүн алкагында билим берүү системасынын 34 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-январда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди. Атайын кызматтын башчысынын айтымында, мындан улам мамлекеттин кирешесине 207 млн 700 миң сом кайтарылган. “2020-жылдын октябрынан […]Читать далее
Төрт жыл ичинде 168 млрд сомдон ашык каражат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-январда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, аталган убакыт аралыгында 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. “2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта тарыхта биринчи […]Читать далее