Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы Палестина элчисин кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Мохаммад Авадды кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланып, тараптар Палестинадагы азыркы кырдаал боюнча да ой бөлүштү. Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Палестинадагы коогалуу окуяларга, анын ичинен Газа тилкесиндеги согуштук жагдайга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын […]Читать далее

Коом

Минкаб төрагасы бардык бала бакчаларга видео камераларды орнотууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке бала бакчаларга видео камераларын орнотууну тапшырды. Бул тууралуу ал министрлер кабинетинин 2024-жылдын жыйынтыгына арналган жыйынында айтты. Касымалиев мындай чечимдин максаты – мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздукту күчөтүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал видеокөзөмөлдүн орнотулушу ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы ишенимди жогорулатуу, бала бакчаларда […]Читать далее

Коом

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен “Маариф” эл аралык фондунун өкүлдөрүн кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакаларды арттыруу, анын ичинен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүлгөн “Сапат” билим берүү мекемелеринин иши тууралуу да айтылды. […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн көбөйтөт

Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына ЕАЭБ өлкөлөрүндө суроо-талап көбөйдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, мисалы, 2024-жылы өлкөдөн 33 миң тоннадан ашык сүт жана сүт азыктары экспорттолгон. Анын ичинде өткөн жылы экспорттун жалпы көлөмү 33374,7 тоннаны түзгөн. Анын ичинде: – сыр – 1451,6 тонна, – Шоро […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев: Акыркы 4 жылда мамлекеттин бекем фундаменти куюлду

Акыркы 4 жылда мамлекеттин бекем фундаменти куюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин  жыйынында билдирди. МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында болуп жаткан экономикалык, социалдык реформалардын жүрүшү, саясий абалдын өзгөрүшү – 2025-жылга гана эмес, 2030-жылга чейинки планды так […]Читать далее

Саясат

Данияр Амангелдиев ЕЭК Бажы кызматташтыгы боюнча министрин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министр) Руслан Давыдов менен жолугушту. Тараптар Евразия экономикалык биримдигинде бажылык жөнгө салуунун негизги маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Давыдов мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү тапшырмаларын аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн […]Читать далее

Аймак

Былтыр Ысык-Көлдүн түбүнөн 14 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдө 2024-жылы көлдүн экологиясын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Көлдүн түбүн тазалоонун натыйжасында 14 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Ошондой эле 220 чакырым жээк тазаланып, андан 85 тонна таштанды чыгарылып, 112 миң 100 метр мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынган. Браконьерликке каршы күрөшүүнүн […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Күн мурун саат 18:30да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,9 баллга жеткен. Жер титирөөнн очогу Тоң районунун Оттук айылынан түндүккө карай 5 чакырым, Кара-Шаар айылынан батышка карай 5 чакырым, Кара-Талаа айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышка карай […]Читать далее

Коом

Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык жарманке жана тамак-аш зонасы жабылды

15-январдан тарта борбордук Ала-Тоо аянтында мыйзамдын жана санитардык талаптардын негизинде иштеген жаңы жылдык жарманке жана тамак-аш зонасы расмий түрдө ишин токтотту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, муниципалдык инспекция кызматкерлери башаламан соодага тыюу салууну катуу көзөмөлдөөдө, бирок ага карабай жашыруун иштегендер тууралуу маалыматтар келүүдө. Эмне үчүн башаламан соода кылбаш керек? 1. Тамак-аштын сапаты көзөмөлдөнбөйт. Товарлар […]Читать далее

Аймак

Баткенде шахтада уранды астында калган жаран куткарылды

Баткенде шахтада калган жаран куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 16-январда Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кен казуучу уранды астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө жалпы 13 куткаруучу тартылды. Куткаруучулардын ыкчам аракети менен кен казуучу аман-эсен куткарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди. Абалы туруктуу.Читать далее