Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусун кыдырган жумушчу иш сапарынын алкагында Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир нече объектердин курулуш иштерин текшерди. Ведостводон билдиришкендей, ал Сокулук районунда курулуп жаткан соода логистикалык борборунун курулуш ишин жана Аламүдүн районунда салына турган “Манас” соода логистикалык шаарчасынын […]Читать далее
Эми Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин кызматтары да онлайн түрдө жеткиликтүү болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү электрондук кызмат көрсөтүү боюнча иштердин таанытымы сунушталат. “Учурда Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде кезекте турган жарандардын саны арбын. Президент ошол кезектерди жок кылуу боюнча […]Читать далее
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Бул майрам бардыгы үчүн тынчтыктын, гүлдөп-өнүгүүнүн жана жаңылануунун символу. Ошондой эле Тажикстан менен чек аранын жакында делимитацияланышына байланыштуу куттуктоомду билдиргим келет. Бул экономикалык жана коопсуздук маселелеринде эки өлкөгө тең пайда алып келе турган олуттуу жетишкендик. Америка эли […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышып, кыргызстандыктарды бул нурун төккөн жаз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Нооруз байыртадан бери жаңыланууну, биримдикти жана жакшы башталыштарды символдоштурарын белгиледи. Президент өз сөзүндө Ош шаарынын тарыхый маанисин баса белгилеп, Улуу Жибек Жолунда жайгашкан бул байыркы шаар ар дайым маданияттын, сооданын жана эл аралык […]Читать далее
Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан
Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Бул жаз майрамы ар бир түтүн булаткан түндүккө кубаныч жана молчулук алып келип, элдерибиздин достугун жана биримдигин бекемдесин. Жалпы баалуулуктарга жана каада-салттарга негизделген Нооруз өлкөлөрүбүзгө бакубатчылык, биримдик жана гүлдөп-өсүү алып келсин”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Нурсултан […]Читать далее
Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана
Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Күн менен түн тең келишинде белгиленүүчү Эл аралык Нооруз майрамы адамзаттын байыркы маданий мурастарынын бири болуп саналат. Миңдеген жылдардан бери келе жаткан бул эң сонун майрам жаратылыштын ойгонушунун гана эмес, өз ара сый-урматтын, тынчтыкта жанаша жашоонун, өз […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Байыркы тарыхы бар бул майрам тынчтык жана коопсуздук идеяларынын негизинде маданий мурастардын жана кылымдарды карыткан каада-салттардын биримдигин ишке ашыруу катары, ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана колдоо көрсөтүү, анын ареалындагы элдердин ортосундагы байланышты чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт. Нооруз […]Читать далее
Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому (6 миллиард сомдук) 100% мамлекетке кайтарылып, кайрадан президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, аталган компания 2007-жылы президенттин Иш башкармалыгынын карамагынан чыгарылып, 65-70 миллион долларлык активи менен мамлекеттин эмес, Максим […]Читать далее
Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Жаз – табияттын тең салмактуулугунун туу чокусу жана боорукердиктин, үндөштүктүн башаты. Жаңы жылда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерде жана элдерибиздин күнүмдүк турмушунда эң сонун өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Масуд Пезешкиан Садыр […]Читать далее
Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чарага МинКаб Төрагасы
Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы Т.Усубалиев атындагы аянтында өткөн майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жарандарды жаз майрамы менен куттуктады. “Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын. Нооруз майрамы – руханий маданиятыбыздын бир бөлүгү, чыгыш цивилизациясынын салттуу […]Читать далее