Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-ноябрда, үстүбүздөгү жылы курулган 15 мектептин бири болгон Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы №73 жаңы жалпы билим берүү мектебинин ачылышына катышты. Мамлекет башчысы салтанаттуу жагдайда кызыл лентаны кесип, 550 окуучу орунга эсептелген 3 кабаттуу жаңы имарат менен таанышты. Президентке окуу класстары жана чеберканалары, спорттук жана актовый залдар, ашкана, лабораториялар жана башка […]Читать далее
Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Маалыматка ылайык, азыр ашууну кардан тазалап, тайгалакка каршы инерттүү заттарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу сунушталат.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-ноябрда, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда Президент Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, анын жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгы Касым-Жомарт Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын ноябрынан тартып “Электрондук рейддик салык контролу” (Э-Рейд) системасын ишке киргизди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Э-Рейд – борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система, анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Системада бардык жүргүзүлгөн рейддик контроль жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат, алардын негизинде рейддик текшерүүгө жаткан субъекттерди текшерүү […]Читать далее
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 21-ноябрда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен кетти. Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Белгилей кетсек делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан […]Читать далее
Президенттин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов Кыргызстанда биринчи гендердик облигациялардын сатыгын ишке киргизүү иш-чарасына катышты. «Бүгүнкү иш-чара биздин сөздөн ишке өткөнүбүздүн көрсөткүчү. Биз аялдар үчүн мыкты шарттарды түзүшүбүз керек. Бул изилдөөлөр менен тастыкталат. Мисалы, Японияда жарандардын узак өмүр сүрүшүнө гендердик экономика чоң таасир этээри далилденген. Биз коомдун баалуулуктарын өзгөртүшүбүз керек. Гендердик […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Тосор айылына эл аралык спорт комплексин куруу үчүн 72,2 гектар жер тилкесин “Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна берүү чечими кабыл алынды. Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн жер тилкеси ондогон жылдар бою эффективдүү пайдаланылбай, кароосуз калган абалда жана тез арада жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылат. Ысык-Көл […]Читать далее
Франциянын Маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиевге Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамын ыйгарды. Мындай даражалуу наамды тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа […]Читать далее
20-ноябрда Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Алгачкы беттеш Эль-Хаур шаарында Катар жана Эквадор курамаларынын ортосунда өтүп, оюн түштүк америкалыктардын пайдасына 0:2 эсебинде аяктады. Мелдештин ачылыш аземине Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сыяктуу бир катар мусулман өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өз […]Читать далее
Борбор калаадагы коомдук транспорттордун иши текшерилди. Рейддин жүрүшүндө пландык чыгууларынын сакталгандыгы тууралуу, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун иштөө графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча пландык чыгуунун сакталбагандыгы, кыймыл аралыгынын аткарылбагандыгы, ошондой эле линиядан чыгуунун негизсиз фактылары тастыкталды. Мындан тышкары, «Шаттл Яндекс Такси» маршруттук таксиси, ошондой эле жеке таксилери коомдук транспорттордун токтоочу […]Читать далее