Кыргызстанда жазгы талаа иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билидришти. Маалыматка ылайык, учурда республиканын Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаачылык жумуштары активдүү уланууда. Бүгүнкү күндө жалпы 116,7 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен: Буудай – 35,3 миң га себилип, жалпы пландын 34,3% түздү. […]Читать далее
“Учкун” акционердик коомунда 2024-жылдын май айынын декабрь айына чейин жалпы 770 миң 103 даана паспорт даярдалган. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кенештин депутаттарынын “Учкун” акционердик коомунун жетекчилиги менен жолугушуусунда белгилүү болду. Анда маалымдалгандай, анын 359 миң 221 даанасы жалпы жарандык паспорт, ал эми 410 миң 882 даанасы ID-карта. Ошондой эле паспорт өндүрүү борборунда 27 жаңы жумушчу […]Читать далее
Панфилов сейил багындагы кырсык. Минкаб башчысы кооптуу аттракциондордун ишин токтотууну
Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бактагы окуядан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине коопсуздук талаптарына жооп бербеген, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган аттракциондордун ишмердүүлүгүн токтотуунун бирдиктүү тартибин тез арада иштеп чыгууну тапшырды. Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция да тиешелүү иштерди алып барууда. Текшерүү […]Читать далее
Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бактагы аттракциондордун иши убактылуу токтотулду. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 31-мартта аттракциондон кыздын кулап түшкөн окуясынан кийин аттракциондун ээсине 35 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле атайын комиссия түзүлдү. Анын курамына Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, мэриянын, Биринчи май районунун акимчилигинин жана укук оргоо органдарынын өкүлдөрү […]Читать далее
“Женго” каймана аттуу Кадыр Досоновдун буюртмасы боюнча жасалган он жыл мурдагы киши өлтүрүүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. маалыматка ылайык, быйыл УКМК тарабынан 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган А.З.А. аттуу жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде бул киши өлтүрүүнүн […]Читать далее
Кадамжайда 18 млн сомго мөмө-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусунун аталган борборго барды. Соода-логистикалык борбор жергиликтүү калктын демилгеси менен ишке ашырылып жатат. Каржылоо Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында […]Читать далее
Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамдаштыруу 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат жана төмөнкү үч этаптан турат: Биринчи этап – укук белгилөөчү документтер болгон учурда, чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу. Экинчи этап – тиешелүү техникалык абалындагы, […]Читать далее
Контрабандалык товарларды легалдаштырууга багытталган коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы боюнча министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында тиешелүү салык төлөмдөрүнөн качуу максатында өлкө аймагына тиешелүү товардык […]Читать далее
“Келечекке салым” балдар аманатынын 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты 18 жашка толгон жаранга берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, 2024-жылдын июль айынан тартып Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон эсеп ачылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында алгачкы жолу депозит Бишкек […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Башкы прокурор Максат Асаналиевди кабыл алды. Жолугушууда башкы көзөмөл органынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз болуп, анын ичинен артыкчылыктуу багыттар талкууланды. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттин өнүгүшү жана өлкөдөгү туруктуулук прокуратура тармагынын ишине түздөн-түз көз каранды экенин белгилеп: “Ага ылайык, Башкы прокуратурага укук үстөмдүгүн орнотуу менен мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүү […]Читать далее