Коом

Бишкектеги Аскердик институтта кароолдо турган жоокер каза болду

Кыргызстандын Куралдууу күчтөрүнүн Аскердик институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 18-августта болжол менен 22:10до катталган. “Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жаратынан жеринде каза болду”, […]Читать далее

Дүйнөдө

Иманкулов ШКУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышууда

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Ошону менен бирге Марат Иманкулов Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Өзбекстан Республикасынын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Монголиянын Улуттук коопсуздук […]Читать далее

Коом

Жалал-Абад шаарында сегиз гектар аянтты ээлеген эс алуу багы ачылды

18-августта Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында Т.Байзаков атындагы эс алуу багынын ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка ылайык, парк жалпы сегиз гектар жер аянтын ээлеп, курулушка жергиликтүү бийлик 46 млн 616 миң сом акча каражатын жумшаган. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри […]Читать далее

Спорт

Ислам оюндары: Кыргызстан командалык көрсөткүчтө 9-орунга илинди

Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндары аяктап, Кыргызстан жалпы 31 медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту: 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду […]Читать далее

Коом

Султанбаев Солтон-Сары кени тууралуу: “Жергиликтүүлөргө жыл сайын 50 млн сом

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кен жайына байланыштуу билдирүү жазды. Анын айтымына караганда, президент Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. “Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин: “Жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат”, – деген үнүн уккан. […]Читать далее

Саясат

Президенттин жарлыгы менен элдик курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилди —

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен ошондой эле ушул Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилген.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал Элдик Курултай укуктук статусу мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин кыргыз элинин тарыхый  салты болуп саналган Элдик Курултайды уюштуруу жана ишин жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт. Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобонун тексти:   Жалпы жоболор […]Читать далее

Дүйнөдө

Стамбул шаарында ТМУнун Инвестициялык фондун түзүү маселеси каралды

15-19-августта КР экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Стамбул шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун Инвестициялык фондун түзүү маселесин изилдөөнүн алкагында жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жыйынына катышты. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында капиталдаштыруу, директорлор кеңеши, башкы директор, укуктук статусу, структурасы, башкаруу схемасы боюнча келишимдин долбооруна киргизилген негизги маселелер талкууланууда. Бул Инвестициялык фондду түзүүнүн максаты – […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров жана мэрдин катышуусунда «Акылдуу шаар Бишкек» долбоору талкууланды

 Накталай эмес эсептердин үлүшүн олуттуу түрдө көбөйтүү үчүн инфраструктураны түзүү зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын борборду өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмесинде билдирди. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө «Акылдуу шаар Бишкек» долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Министрлер кабинетинин башчысы шаарды натыйжалуу башкарууну камсыздоо, анын ичинде транспорттук, турак-жай-коммуналдык жана […]Читать далее

Коом

Ысык-Атада жигит менен кыз жайлоодо 40 жаштагы жаранды тоноп кетишкен

Ысык-Атада жайлоодо 40 жаштагы жаранды карактап кеткен кыз менен жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, ушул жылы 16-августта Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак жайлоосунда белгисиз эркек киши менен кыз ок атуучу курал менен коркутушуп, “Самсунг” үлгүсүндөгү телефонун, […]Читать далее

Коом

Бишкекте уз айымдар мыкты шырдакчы сынагында ат салышууда

Бишкекте 18-августта уз айымдар арасында 2022-жылдын мыкты шырдакчысын аныктаган сынак өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагынан келген салттуу кол өнөрчүлүктүн сүйүүчүлөрү катышууда. Уюуштуруучулардын айтымына караганда, сынактын негизги максаты – уз айымдарга шык берүү жана кыргыз шырдагынын көрктүүлүгүн арттыруу. Белгилей кетсек, сынакты Kyrgyz Handmade “Байбол” этно-чайханасы менен биргеликте биринчи жолу уюштурган. Саамалыкты жыл сайын өткөрүп туруу […]Читать далее