Араванда мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышы өттү

2023-жылдын 19-майында Ош облусунун Араван районунда Араван райондук мамлекеттик архивинин эки кабаттуу жаңы имараты ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева, , Архив кызматынын төрагасы Мария Алыбаева жана аталган кызматтын, райондун жетекчилигинин башка өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ош облустук башкармалыгы  башчысы Бактыбек Алайчиевдин айтымында, архивдин эски имараты абдан кейиштүү абалда болчу.

«2022-жылдын 11-февралында Араван райондук мамлекеттик архивинин 2 кабаттуу жаңы имаратынын курулушунун сметасын түзүү боюнча тендер жарыяланып, ошол эле жылдын июнь айында тендердин жеңүүчүсү аныкталган. Курулуш өз убагында бүткөрүлдү», – деди ал.

Учурда Араван райондук мамлекеттик архивинде мекеме-ишканалардын 2016-жылга чейинки документтери сакталып турат. 156 фонд, 17778 сактоо бирдиги бар. Архивде 5 кызматкер иштейт.

Араван райондук мамлекеттик архиви Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ош облустук башкармалыгынын балансында турат.

 

 

Связанный пост