Ош шаарында Энелер күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Ага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана баатыр энелер, мамлекеттик жана коомдук ишмер айымдар катышты.
Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты, коомубуздун уюткусу жана үйүбүздүн куту экендигин белгилеп, жалпы аялдарды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жана жеке өзүнүн атынан энелер күнү менен куттуктап, бир катар энелерге сыйлыктарды тапшырды.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаар бийлиги тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана келечек муундарды тарбиялоодогу кошкон жигердүү эмгеги үчүн бир катар энелерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 914гө жакын “Батыр эне”, 128 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.

Связанный пост