Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

 Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү
2023-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Связанный пост