Пайдубалы түптөлө элек батирлерди сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды
Кыргызстанда курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга жана объектилерди жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин куруучуга (заказчыга):
– Курулуп жаткан объектилердеги турак жана турак эмес жайларды сатууга;
– Үлүштүк катышуу, алдын ала келишимдерди жана курулушка жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын тартууну караган башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
– Курулуш объектилерин жарнамалоого тыюу салынат.
Ошондой эле министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзам талаптарын бузуу менен жарнамаларды жайгаштыруу, сатууну баштоо жана акча каражаттарын тартуу фактыларын аныктап, мыйзам бузуу аныкталган учурда өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттендирилди.
Мындан улам, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Курулуш компанияларынын жетекчилерине буйруктун талаптары тааныштырылып, белгиленген тартипти сактоо жана мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.
Курулуш министрлиги белгиленген талаптарды бузуу менен жарнамаларды жайгаштыруу, сатууну баштоо жана курулушка каражат тартуу фактыларына карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.
Аталган буйрук жарандардын каражатын жана укуктарын коргоого, курулушу толук кандуу баштала элек объектилерге каражат салуудан келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтууга жана батир сатып алуучулардын кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган
“Нөл цикли” бул — имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктаган баскыч.