Амантур Исмаилов дүйнө чемпионатында үчүнчү орундун ээси болду
![Амантур Исмаилов дүйнө чемпионатында үчүнчү орундун ээси болду](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/bezymiannyi.730x0-1.png)
Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду.
Спортчу 67 кг салмак категорияда беттешкен.
Амантур Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач Венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда Ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда атаандашы чыкпагандыктан коло байге үчүн беттешке чыкты.
Чечүүчү 3-орун үчүн күрөштө Амантур Исмаилов Грузиялык атаандашын 18:8 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду.