Алтынбек Абдувапов КМШнын салык кызматтарынын жетекчилеринин жыйынына катышты

 Алтынбек Абдувапов КМШнын салык кызматтарынын жетекчилеринин жыйынына катышты
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Минск шаарында (Беларусь) өткөн КМШга катышуучу мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 29-жыйынына катышты.
Жыйындын катышуучулары салык чөйрөсүндө КМШга катышуучу мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү боюнча актуалдуу маселелерди карап чыгышып, салыктык башкаруу тажрыйбасы менен алмашышты жана КМШга мүчө мамлекеттердин салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдү талкуулашты.
Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов салык кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Салык кызматынын иши жөнүндө айтып берди.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кеңеш кийинки жылга карата иштин негизги багыттарын аныктады.
Координациялык кеңештин жыйынына Азербайжан, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын делегациялары, КМШнын Аткаруу комитетинин, салык жана салык салуу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча КМШга катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун өкүлдөрү катышты. Байкоочу катары Өзбекстандын салык кызматынын өкүлдөрү катышты.

Связанный пост