Алай районунда жаңы мектептин пайдубалына капсула салынды

 Алай районунда жаңы мектептин пайдубалына капсула салынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдириди.

 

Алгач төрага Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.

 

Белгиленгендей, аталган мектептин биринчи корпусу 1976-жылы курулган. Экинчи корпусу 2003-жылы ашар жолу менен салынган. Бирок авариялык абалга келип, колдонууга жараксыз деп табылган. Ага ылайык, имарат буздурулуп, ордуна жаңы мектеп куруу пландалган. Бул үчүн атайын долбоор иштелип чыгып, жаңы имаратты курууга мамлекет тарабынан 130 млн сомдон ашуун каражат каралган.

 

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев Алайдан чыккан депутаттар парламентте активдүү экенин белгилеп: “Алар аймактагы көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп, калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп келишет. Бирок, “Миң уккандан, бир көргөн артык” – дегендей, аймактагы маселелер менен жеринде таанышып, тургундар менен жолугуп келүү үчүн атайын келдик”, – деди.

 

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы өлкөдө жасалып жаткан иштерге токтолуп, акыркы жылдары мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык мекемелер арбын курулуп, жолдор жаңыланып, калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.

Эскерте кетсек, төраганы депутаттар Улан Примов, Данияр Толонов, Жанарбек Акаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Самат Жантелиев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.

Связанный пост