Акыркы 5 жылда 5,6 миң чакырым жол асфальтталды

 Акыркы 5 жылда 5,6 миң чакырым жол асфальтталды

Акыркы беш жылда Кыргызстанда 5 миң 600 чакырым жолго асфальт төшөлүп, транспорт тармагындагы инфраструктураны жаңылоо иштери күч алды. Бул тууралуу транспорт тармагындагы акыркы беш жылда аткарылган иштер боюнча маалыматта айтылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-2026-жылдары өлкө боюнча жол куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, 2026-жылы бир жыл ичинде 1 миң 900 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Бул жол тармагындагы жылдык көрсөткүчтүн өскөнүн көрсөтөт.

Мындан тышкары, акыркы беш жылда тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 1 миң 344 атайын техника алынган. Бул жол куруу, оңдоо жана тейлөө иштеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Ошондой эле өлкөдө ири темир жол жана автожол долбоорлору башталып, транспорт тармагында санариптештирүү иштери күчөтүлдү.

Аталган иштер өлкөнүн транспорттук байланышын жакшыртууга, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Связанный пост