Акылбек Жапаров: Заманбап дүйнөдө университеттер идеялардын жана стартаптардын демилгечилери катары аракеттениши керек

 Акылбек Жапаров: Заманбап дүйнөдө университеттер идеялардын жана стартаптардын демилгечилери катары аракеттениши керек

Заманбап дүйнөдө университеттер идеялардын жана стартаптардын демилгечилери катары аракеттениши керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, Американын Калифорния штатындагы «Силикон өрөөнүнүн» динамикалуу өнүгүүсү негизинен аталган аймакта жайгашкан ондогон университеттер, лабораториялар, илимий-изилдөө институттары менен шартталган.

«Регион жогорку технологиялык продуктыларды өндүрүүгө адистешкен илим жана билимдин өрөөнүнө айланган. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 40тан ашык жогорку окуу жайлары бар экендигин эске алсак, бул университеттердин жана мекемелердин синергиясы аркылуу Чүй өрөөнүн да «Силикон өрөөнүнө» айландырууга толук мүмкүн. Бул үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар», – деп белгиледи ал.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө университеттер идеялардын жана стартаптардын демилгечилери катары аракеттениши керектигине өзгөчө басым жасады.

«Бүгүнкү күндө 20дан ашуун ата мекендик жогорку окуу жайларында креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлор ачылды. Биз стартаптар технологиялык уюмдардын массалык түрдө ишке киришине жана ата мекендик экономиканын ар кыл тармактарында инновациялык чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз», – деди ал.

Связанный пост