Акылбек Жапаров: Министрлер кабинети жана БУУнун КРдагы системасы туруктуу өнүгүү багытында көп иштерди жасоодо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасы туруктуу өнүгүү багытында бир топ иштерди аткарып жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

 

Иш-чарага БУУнун тутумунун туруктуу координатору Антье Грейв баштаган БУУнун системалык агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

 

Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга карата биргелешкен иш пландардын аткарылышынын жыйынтыгы жана 2024-жылга пландар каралды.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, БУУ Өнүктүрүү Программасынын 2024-жылдын март айындагы жакында жарыяланган отчетуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2022-жылга карата Адамдык өнүгүү индексинин мааниси 0,7 пайыздык пунктту түзгөнүн, бул өлкөнү адамдык өнүгүү жаатында жогорку деңгээлдеги категорияга кошконун, ошону менен өлкө, дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн ичинен 117-орунда жайгашканын белгиледи. Ошентип, акыркы үч жылда биз Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын “Адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 5 позицияга жогорулатуу” максатына жеттик”, – деди ал. .

 

Акылбек Жапаров 2027-жылга чейинки стратегиялык кызматташтык программасы Кыргыз Республикасындагы Министрлер Кабинети менен БУУнун тутумунун тыгыз өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы форматы болушу керектигин баса белгиледи. Программа 2024-жылга биргелешкен иш пландарын ишке ашырууну камтышы жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш планына шайкеш келиши керек.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук орто мөөнөттүү программасы – “Жаңы экономикалык саясат” иштелип жатканын белгиледи. Туруктуу өнүгүү максаттары Жаңы Экономикалык саясатты иштеп чыгуу үчүн маанилүү негиз болуп калат, анда өнүгүүнүн экономикалык гана эмес, социалдык жана экологиялык аспектилери да эске алынат.

 

БУУнун тутумунун Туруктуу координатору Антье Гроу өз кезегинде Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты тереңдетүүгө жана бекемдөөгө умтуларын билдирди.

 

Анын айтымында, 2023-жылы мамлекеттик органдар менен биргеликте 55 миллион долларлык 160тан ашык долбоор ишке ашырылса, 2024-жылы долбоорлорду ишке ашырууга 72 миллион доллардан ашык каражатты кароо пландалууда.

Связанный пост