Акылбек Жапаров КР – Япония парламенттик достук тобунун жетекчисинин орун басары менен жолукту

 Акылбек Жапаров КР – Япония парламенттик достук тобунун жетекчисинин орун басары менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапарынын алкагында Либералдык-демократиялык партиянын Башкы кеңешинин Төрагасы, Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргыз Республикасы – Япония Парламенттик достук тобунун жетекчисинин орун басары Такаси Эндо менен жолугушту.

Жолугушууну ачып жатып, Япония парламентинин депутаты Такаси Эндо өзү мүчө болгон Кыргыз Республикасы – Япония парламенттик достук тобу Япония менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын белгиледи.

«Кеп биринчи кезекте биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө жүрүүдө. Мен жана менин кесиптештерим, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиянын башчысы кыргыз тараптын сунуштары боюнча иш алып барууга даярз», — деди Такаси Эндо.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жапон тарапка жана Такаши Эндого жолугушуу жана эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасы Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташтыктын жалпы баалуулуктарын тең бөлүшүүчү жакын жана достук мамиледеги өнөктөш өлкө катары карайт. Быйыл биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул убакыт ичинде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууда бай тажрыйба топтолду, Кыргыз Республикасы менен Япониянын эли ортосунда тыгыз достук байланыштар түзүлдү», – деп белгиледи ал.

Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы Достук топторунун ишмердүүлүгүн жана өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты жогору баалай турганын, бул эки тараптуу мамилелердин бардык тармактары боюнча эки өлкө өкмөттөрүнүн күч-аракетин толуктай турганын белгиледи.

«Япония дүйнөдөгү алдыңкы экономикага ээ болгон мамлекет экендигин эске алуу менен кыргыз тарап улуттук экономиканы өнүктүрүү үчүн Япониядан алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууга кызыкдар. Учурда Япония менен инвестицияны өз ара колдоо, илгерилетүү жана коргоо боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү үстүндө иштеп жатабыз. Бул келишим жапон инвесторлоруна Кыргыз Республикасына инвестиция салуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт», – деди ал.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасы – Япония Парламенттик достук тобунун жетекчисинин орун басары Такаси Эндо Япония менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык чөйрөдө олуттуу потенциалы бар экендигин баса белгиледи.

«Биздин алдыбызда иштей турчу көп маселелер бар жана биз бул ишке даярбыз. Бул иш ошондой эле өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген «Борбор Азия+Япония» Диалогунун линиясы аркылуу ишке ашырылат”, – деп жыйынтыктады парламентарий.

Жолугушууда Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргыз Республикасы 2025-жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин Осака шаарында (Япония) өтүүчү «ЭКСПО-2025» эл аралык көргөзмөсүнө катышууну пландап жатканын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров Такаси Эндону жана жапон тараптын Достук тобунун мүчөлөрүн өлкөбүзгө иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост