Акунбеков: Соода-экономикалык кызматташтыкта Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, “Жибек жолунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү — Евразиянын жаңы энергиясы” аталышындагы “Кытай-Евразия” 9-ЭКСПОнун ачылыш аземине катышты.
Алгач ЭКСПОго катышкан мамлекеттердин компанияларынын продукциялары коюлган көргөзмө күркөлөрү менен таанышып, андан соң Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасы сыяктуу бир катар мамлекеттерден келген жогорку кызмат адамдарынын, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын жана дүйнөлүк ири компаниялардын катышуусундагы “Кытай-Евразия” 9-ЭКСПОнун расмий ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Эрлист Акунбеков “Кытай-Евразия” ЭКСПОго үзгүлтүксүз негизде активдүү катышып келген Кыргызстан үчүн Кытай жана аймактын өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо баалуу аянтча болуп калганын белгиледи.
““Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр – Евразия үчүн жаңы жашоо” темасын талкуулоодо Кыргызстандын бүтүндөй аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон кызматташтыктын негизги багыттарын белгилеп, биргелешкен кызматташуу үчүн транспорт, соода-экономикалык, энергетика жана финансы тармактарында кызматташууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкым келет”, — деди ал.
Анда МинКаб Төрагасынын орун басары, транспорт тармагында Кыргызстан менен Кытай чек арасында иштеп жаткан үч көзөмөл өткөрүү бекеттери соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө негизги ролду ойноп, Кытай үчүн Борбор Азия менен Кавказга маанилүү дарбаза катары кызмат кылаарын, ага кошумча тарыхый долбоор “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганын, бул темир жол “Жаңы темир жибек жолуна” айланаарын билдирди.
Ал эми, соода-экономикалык кызматташтыкта Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин, мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу соода жылдан-жылга өсүп, өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 27 млрд долларды түзгөн.
Энергетика тармагында болсо Кыргызстан өнөктөштөр менен кайра жаралуучу энергиянын долбоорлору, анын ичинде ГЭСтерди куруу жана модернизациялоо боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экени белгиленди.
Эрлист Акунбеков мындан тышкары заманбап Жибек жолундагы ири долбоорлорду колдоого жөндөмдүү натыйжалуу финансылык инструменттерди ишке ашыруу өзгөчө актуалдуу болуп жатканын айтып, кыргыз тарап Кытай менен финансылык жана банктар аралык кызматташууну мындан ары тереңдетүүнү жактаарын кошумчалады.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров баштаган команданын конструктивдүү аракетинин натыйжасында акыркы беш жылда өлкөбүз экономикалык өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштады. Экономика орточо жылдык өсүш темпин 10% көрсөтүүдө. Үстүбүздөгү жылдын беш айында ИДПнын өсүшү 12,2% түздү. Эл аралык Валюта Фондунун маалыматы боюнча Кыргызстан 2025-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Жыйынтыктап айтканда, Улуу Жибек жолунун так жүрөгүндө жайгашкан Кыргызстан Чыгыш менен Батышты байланыштырууда тарыхый маанилүү ролду ойногондугун баса белгилегим келет. Биз мындан ары да бул жол боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө — биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жалпы өнүгүүсү жана бакубаттуулугу үчүн салым кошууга даярбыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков.