АКШ менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы өз ара байланыштар бекемделет

 АКШ менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы өз ара байланыштар бекемделет

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

 

Анда тараптар АКШ менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы өз ара кызматташтык алакаларынын жүрүшү, иш алып баруудагы пландарды талкуулашты. Анын ичинен соода-сатык, тоо-кен, билим берүү тармагы, саламаттыкты сактоо жаатындагы байланыштарды тереңдетүү жөнүндө сөз болду.

 

Жолугушууда Мамасалы Акматов Жалал-Абад облусу менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы көп жылдык натыйжалуу мамилелер жолго коюлганын белгиледи.

 

Лесли Вигери АКШ элчилиги өнүгүү потенциалы чоң Жалал-Абад облусу менен кызматташууга кызыктар экенин айтып, анда басымдуу тоо-кен тармагында иш алып баруу, экологияны сактоо жааты артыкчылыктуу экенин кошумчалады.

Связанный пост